Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 273
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2017-2019-жылдарга карата долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
· 2017-жылга карата 84 419 000 (сексен төрт миллион төрт жүз он тогуз миң) сом;
· 2018-жылга 86 212 000 (сексен алты миллион эки жүз он эки миң)сом;
· 2019-жылга 87 702 000 (сексен жети миллион жети жүз эки миң) сом.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджетти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |