Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 31 майы № 71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн калктын санына жараша штаттык саны 8 жана 2 техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер бекитилсин. (тикеме тиркелет № 1)
2. Штаттык санына эскертүү менен айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деӊгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинени “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызматы каралсын. (тиркеме тиркелет № 2)
3. Штаттык санына ( эскертүү менен айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде каралсын. (тиркеме тиркелет № 3)
4. Штаттык санына эскертүү менен жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн аскердик –эсепке алуу персоналынын саны төмөнкү жүктөмдүн нормаларына ылайык белгиленет:
- каттоодо 300ге чейинки аскерге милдетүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо
– бир бошотулган кызматкер –аскердик –эсепке алуу инспектору каралсын.
(тиркеме тикелет № 4)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Май айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Баялиев |