Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26–26 / 93
Кайыңды айыл аймагына караштуу Нылды, Сары-Булак айылдарынын кайрылуусу жөнүндө
2016-жылы 28-июнунда Нылды, Сары-Булак айылдарынын тургундары Кайыңды айылдык аймактык кеңешине кайрылуу жазышкан, себеби Покровка –Талас; Талас-Покровка багытындагы рейстик автобустун каттамы үзгүлтүккө учурагандыктан, Манас районунун борборуна жана айыл өкмөтүнө келүү жагы бир топ проблемаларды жаратып, медициналык, социалдык кызматтарды алууда кыйынчылыктар болуп жаткандыктан, Талас районуна кошуу жагын мыйзам чегинде чечип берүү жагын өтүнүшкөн. Кайыңды айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нылды, Сары-Булак айылдарынын тургундарынын кайрылуусу боюнча маселени мыйзам чегинде чечип берүү жагын Манас райондук жергиликтүү Кеңешинин кошмо жыйналышынын кароосуна жиберилсин.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү Нылды, Сары-Булак айылдарынын тургундарына жиберилсин.
Төрага | З.Абдрахманов
|