Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26–26 / 96
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 05-апрелиндеги № 26-2/11-6 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кайыңды айыл аймагына караштуу Талас-Нылды-Покровка багытындагы жол каттамында жол коопсуздугун сактоо максатында атайын пункт уюштуруу максатында 0,10 га жер участок турак жай куруу максатында айылдык кеңешинин уруксаты менен бөлүнүп берилген, бирок ушул убакытка чейин бөлүнүп берилген жер участок № 5 Өндүрүштүк-Линиялык Автомобиль Жолдорунун башкармалыгынын № 19-жол тейлөө ишканасы тарабынан пайдаланылбай жаткандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 05-апрелиндеги № 26-2/11-6 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | З.Абдрахманов |