КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-сентябры № 182/XXХ-26
Кант шаарынын аймагына кыймылсыз мүлккө жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенттин К3 аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 02.10.2008-ж. Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327-беренени аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01-январь 2017-жылдан баштап Кант шаарынын аймагында кийинки салыктарды киргизүү:
- мүлк салыгы;
- жер салыгы.
2. Кант шаарынын аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерди колдонуу үчүн юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К3 1,2 өлчөмүндө аныкталсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн салыктарды тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде ишке ашырылсын.
4. Токтомду каттап, Кыргыз Республикасынын укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (Мамралиев М.М.).
Төрага | А.К. Шайлдабеков |