Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 16 сентябры №186/XXХ-26
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам берүчүү нак акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2016-жылдын башындагы бюджеттик каражатын эркин калдыгынын эсебинен Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине жана ҮБДТ кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн 2,715 (эки миллион жети жүз он беш) миң сом акча каражатын тизмеге ылайык бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуук комиссиясына (Мамралиев М.М.) жүктөлсүн.
Төрага |
А.К. Шайлдабеков |