Редакцияот 15.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешининXXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы

2014-жылдын 15-январы № 8\3

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жайыт акыларынын чогулушу жөнүндө

Жайыттар комитетинин төрагасы С.Ибаков белгилүү себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу, жайыттар комитетинин бухгалтерии өзү иштегенден берки үч айлык отчётун берди.             Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жайыт акыларнынын чогулушу боюнча 21-январда өтүлүүчү сессияда кайра каралып талкуулансын.

2. Жайыт акыларынын чогулушу боюнча жеринен текшерип карап чыгуу айылдык Кеңештин эканомика, финансы, бюджет комиссиясына тапшырылсын.

3.Чет-Нура айылынын тургундарынын 14.01.2014-жылдагы кайрылуусу боюнча комиссия түзүлүп, жайыттын сыйымдуулугун эсептөө менен кийинки сессияда кароого даярдоо айыл чарба, токой чарба, суу чарба комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т.З.Мамыров