Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 9/6
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыштын сатып алган оорукананын эки кабаттуу имаратын оорукананын имаратынанбөлүп берүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыш Сыдыевич Орто-Нура айылындагы оорукананын имаратынын эки кабат бөлүгүгн 2004-жылы сатып алып жери мыйзамдаштырылган. Учурда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында имарат толук учурдагы ооруканага катталып тургандыгына байланыштуу сатылган имаратты ооруканадан бөлүп берүүнү сурайт. Жогорудагылардын негизинде угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыш Сыдыевичтин арызы канаттандырылсын. 2004-жылы сатып алган имарат оорукананын имаратынан бөлүнүнп берилсин. 2.Имаратты оорукананын имаратынан бөлүп мыйзамдаштырып берүү жагы Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Т.Мамыров |