Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 9/7
Мал уурулук боюнча маселелерди талкуулоо менен мал сатууга справкаларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Өткөн 2013-жылы Чет-Нура айыл өкмөтүндө 14 (он төрт) бодо мал Орто-Саз айылынан, Чет-Нура айылынан 2 (эки) бодо мал уурдоонун бети эл тарабынан ачылып сот органына өткөрүлгөн. Мал уурулукка бөгөт коюу максатында Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы
токтом кылат:
1. Мал уурулукка бөгөт коюу максатында мал сатууга берилүүчү справканы берүү ар бир айылдын айыл башчыларына тапшырылсын. 2. Айыл башчыларга чарба китептердин көчүрмөсү, шнурланган китеп, справкаларды берип, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага милдеттендирилсин. 3. Малдын энин өңүн толук карап, көрүп справка берүү ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Мамыров |