Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014 жылдын 20 марты № 11\3
Ак-Кыя байланыш бөлүмүн мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү маселесин кароо жөнүндө
«Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалы 12.02.2014-жылдагы № 41 Буйругу менен Ак-Кыя айылындагы Ак-Кыя байланыш бөлүмүн мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча маселени айылдык Кеңештин сессиясында карап чечип берүүнү суранган.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Ак-Кыя байланыш бөлүмү Асек Жумабаев атындагы маданият үйүнүн бир бөлмөсүндө жайгашкандыгына байланыштуу «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалынын балансасына берилбесин. 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Жакыпов
|