Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014 жылдын 20 марты № 11\4
Айылдардын башкы пландарын жаңыртуу жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдак чарба мамлекеттик агенттигинин 2014-жылдын 13-февралындагы № ТМ 09/77-б катында айылдардын башкы пландарын жаңыртуу боюнча тиешелүү иш алып баруу маселесин 26.02.2014-жылдагы № 296104 катына ылайык сессияда карап чечүү сунушталган. Жогорудагы катын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын башкы пландарын жаңыртуу боюнча тиешелүү иш алып барып, ар бир айылдын ген планын тактап чыгуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын. 2. Бюджет тартыш болгондугуна байланыштуу айылдардын башкы пландарын жаңыртууга каралуучу каржы маселелери 2015-жылдын бюджетине киргизүү пландалсын. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдындыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жакыпов
|