Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014 жылдын 20 марты № 11\7
Айыл аймагындагы айылдарда жазгы айдап себүү учурундагы техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагындагы жазгы айдап себүү учурундагы техникалардын кызмат көрсөтүүсүн карап жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы Чет-Нура айыл аймагындагы жазгы айдап-себүү өнөктүгүн жүргүзүүдө техникалардын кызмат көрсөтүү акысы өрөөн боюнча төмөнкүдөй-бекитилсин. • айдоо-800 (сегиз жүз) сом • тырмоо-200 (эки жүз) сом • сеялка- 300 (үч жүз) сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жакыпов |