Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 23 июну №41/164
Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн 2015–жылда жумушсуздарды жумушка орноштуруу менен жумушсуздардын санын кыскартуу, аларды өндүрүшкө зарыл болгон кесиптерге кайра даярдоо, жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча 2015–жылда жана 2016–жылдын 1–июнуна карата аткарган иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2016–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы А. Арчабаевдин 2015–жылда жумушсуздарды жумушка орноштуруу менен жумушсуздардын санын кыскартуу, аларды өндүрүшкө зарыл болгон кесиптерге кайра даярдоо, жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча 2015–жылда жана 2016–жылдын 1–июнуна карата аткарган иштери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысына (А. Арчабаевге) милдеттендирилсин;
– жумушсуз жарандарды өндүрүшкө жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутууну уюштуруу жана аларды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү жагы;
– жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча иштерди активдештирүү жагы;
– мекеме ишканаларда пайда болгон бош жумуш орундарын аныктап, ай сайын шаардык ЮТС телеберүүсү жана жергиликтүү гезиттер аркылуу жарыялоону уюштуруу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |