Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 23 июну №41/166
Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын саламаттыкты сактоону реформалоонун алкагында калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнү жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча 2015–жылда жүргүзгөн ишмердүүлүгү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2016–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын саламаттыкты сактоону реформалоонун алкагында калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүгүн камсыз кылууну жакшыртуу боюнча 2015–жылда жүргүзгөн ишмердүүлүгү жөнүндө шаардын аймактык ооруканасынын директору А.Жаныбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчилигине калктын ден соолугун чыңдоого багытталган программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу, калкты медициналык тейлөө багытында жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчилигине мындан ары ооруукананын бөлүмдөрүнүн имараттарын оңдоп түзөтүү, капиталдык ремонттон өткөрүү, жумшак жана каттуу инвентарларын алмаштыруу багытында иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |