Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 23 июну №41/167
Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын 2015–жылда жана 2016–жылдын 5 айында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2016–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын 2015–жылда жана 2016–жылдын 5 айында Улуттук “Ден–соолук” жана “Туберкулез IV” программаларын ишке ашырууну камсыз кылуу багытында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын башкы дарыгери Ж.Эргешованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин 2013–жылдын 23–ноябрындагы №670 буйругун жана “Туберкулез IV” программасын ишке ашыруу, кургак учукка каршы профилактикалык жана аны дарылоо иштерин кабыл алынган иш пландарга негиз алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын жетекчилигине өпкө ооруулар бөлүмүнүн жылытуу системасын алмаштыруу, сөөк кургак учук бөлүмүнүн имаратын оңдоо боюнча иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков
|