Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 23 июну №41/168
Кызыл–Кыя шаардык стоматологиялык эмканасынын калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнү калкка жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча 2015–жылда жана 2016–жылдын 5 айында алып барган иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2016–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык стоматологиялык эмканасынын калкты медициналык тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнү калкка жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча 2015–жылда жана 2016–жылдын 5 айында алып барган иштери жөнүндө стоматологиялык эмкананын башкы дарыгери А.Жээнбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык стоматологиялык эмканасынын жетекчилигине калкты медициналык тейлөө боюнча жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди четтетүү, калктын ден соолугун чыңдоого багытталган Улуттук программаларды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн ишке ашырууну камсыз кылуу жана келечек ээлери болгон жаш муундардын–окуучулардын ден соолугуна кам көрүү боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаардык стоматологиялык эмканасынын жетекчилигине мындан ары тиш дарылоо жана протездөө боюнча заманбап алдыңкы тажрыйбаларды пайдалануу, стоматологиялык жабдууларды жаңылоо, эмкананын материалдык–техникалык базасын чыңдоо жана дарыгерлердин, тиш техниктердин квалификацияларын жогорулатуу менен көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |