Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 2 августу 43/175
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколу жѳнүндѳ.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 43-беренесинин 3-жана 4-бѳлүктѳрүнѳ негиз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-июлундагы №128 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобого ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 2-августундагы Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтомдун бир нускасы Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Тѳрага | А.Маткалыков |