Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-августу № 44/177
Кызыл-Кыя шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 7 айлыгынын аткарылышына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине жана 44-беренесинин 3-пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 22-августундагы чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «II Бүткүл дүйнөлүк көчмөр оюунунун» алкагында өтүүчү сынакка катышууга сапардама чыгымдар үчүн жергиликтүү бюджеттин 704 экономикалык бөлүкчөсүнөн төмөнкү бюджеттик мекеме ишканаларга кошумча акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
жергиликтүү бюджеттин 704 экономикалык бөлүкчөсүнөн 80,8 миң сом кыскартылып, шаардык мэриянын сапардамалык чыгымы үчүн 80,8 миң сого көбөйтүлүп берилсин;
жергиликтүү бюджеттин 704 экономикалык бөлүкчөсүнөн 241,0 миң сомго кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнун сапардама чыгымы үчүн 156,0 миң сомго, «Транспорттук чыгым» беренесине 85,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин;
Ардагерлер кеңешине шаардык мэрия аркылуу 704 экономикалык бөлүкчөдөн 20,0 миң сомго кыскартылып, мэриянын сапардама чыгымына 20,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин;
муниципалдык менчик департаментинин 311 «Активдер» беренесинен 73,0 миң сом кыскартып, сапардама чыгымдарына73,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин;
Караван аймактык башкармалыгынын 311 «Активдер» беренесинен 45,0 миң сом кыскартып, сапардама чыгымдарына 35,0 миң сомго, “Башка чыгымдар” беренесине 10,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин;
2. Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына «22211100 «Учурдагы оңдоо» беренесинен 20,0 миң сом акча каражатын кыскартылып, 2212 «Байланыш кызматы» беренесине – 8,0 миң сомго, 2231 «Суу төлөмдөрү» беренесине 4,0 миң сомго, 2232 «электроэнергия» беренесине 8,0 миң сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
3. Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына 3112 “Сатып алуулар” статьясынан 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты кыскартылып, 2222 “Чарбалык товарларды сатып алуу” статьясына 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын көбөйтүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин 704 экономикалык бөлүкчөдөн жаңыдан курулуучу спорт комплексине каралган акча каражатынан 300 миң сомго кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2211 “Сапардама” статьясына 50 миң сом, 221549 “Башка” чыгымдар статьясына 250 миң сомго көбөйтүп берүүгө макулдук берилсин.
5. II-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарада Кырчын жайлоосуна Баткен ордо комплексинин дарбазасын куруу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине 130,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 704 экономикалык бөлүкчөсүнөн бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |