Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 4 октябры 45/179
Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгынын карамагындагы менчиктерди башкаруу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Караван аймактык башкармалыгынын 2016-жылдын 17-июнундагы №01-34/212 сандуу каты шаардык кеңештин коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, шаардык кеӊештин кезектеги сессиянын кароосуна сунушталсын деген чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгынын карамагындагы менчиктерди башкаруу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Алиев Патта Гайыпович– Караван АБ башкы адиси, комиссиянын төрагасы;
- Шарипов Равшан Турсунбаевич– Ак-Булак айылынын айыл башчысы, комиссиянын катчысы.
- Эранов Муратали Каримович – Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты;
- Имаров Өмүрбек Сарыевич - Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты;
- Аширов Абдилазиз Кайымович – Караван айылынын айыл башчысы;
- Жумабаев Икирам Камытович– Жин-Жиген айылынын айыл башчысы;
- Акматов Каныбек Мавлянович– Кызыл-Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси(макулдугу менен);
- Бакиров Алтынбек – Кызыл-Кыя шаардык архитектура бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (макулдугу менен);
- Маткалыков Зайлабидин Жоробаевич – Караван айылдык коомунун төрагасы;
- Акматов Жумабек Кадырович– Ак-Булак айылдык коомунун төрагасы;
- Саланов Ысмайыл – Караван АБ жетектөөчү адиси.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков
|