Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 45/180
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 19-апрелиндеги “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планы жөнүндө” №40/162 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 19-апрелиндеги “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планы жөнүндө” №40/162 токтомунун 2 пунктуна негиз, Кызыл-Кыя ШИИБнүн ПМ тобунун ага инспектору Э.Сырановдун 2016-жылдын 19-сектябрындагы чыгыш №5/2839 сандуу каты шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, маселени шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеӊеш тарабынын 2016-жылдын 19-апрелинде №40/162 токтому менен бекитилген “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планына” ылайык 5 ай ичинде шаардын Асаналиев көчөсүндө автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруунун абалы тууралуу жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев Молодежная жана Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөлөлөрүндө пайда болуп жаткан автотыгындарды азайтуу, автотранспорттук каражаттардын тоскоолдуксуз жүрүштөрүнө тийиштүү шарттарды түзүү жана аларды токтоочу жайларга жайгаштырууну иретке келтирүү, жүргүнчүлөрдүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды төмөндөтүү максатында, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан даярдалып сунушталган “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу №2-Схематикалык планы” бекитилсин.
3. Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин сессиясында бекитилген №2-схематикалык план боюнча Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө автотранспорттук каражаттардын кыймылын иретке келтирүү максатында №1- схематикалык пландын негизинде орнотулган бордюрларды №2-Схематикалык планга ылайык жолдун ортосуна жылдыруу жана жол белгилерин схематикалык планда белгиленген тартипте орнотуу Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовго жана Кызыл-Кыя шаарынын жол кайгуул кызматынын ага инспектору Э.Сырановго милдеттендирилсин.
4. Шаардын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер тийиштүү жерлерге жайгаштырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын 1-вице-мэри А.Гапаровго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Маткалыков |