Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/4
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2004-жылдын 10-ноябрындагы XXIV чакырылышынын, XII сессиясынын №24-12/5 токтому менен бекитилген "Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндөгү" Жобону жокко чыгаруу жана "Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндөгү" жаңы Жобону кабыл алуу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2016-жылдын 18-июлундагы кир.№01-7/378, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин 2016-жылдын 14-июлундагы кир.№01-7/375 каттарын карап жана талкуулап, жер рыногун мындан ары өркүндөтүүнү, жерлерди рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну, жер мамилелерин жөнгө салуунун иштиктүү механизмдерин калыптандырууну жана жер ресурстарын башкарууну, шаардын бюджетине кошумча акча каражаттарын түшүрүүнү камсыз кылуу максатында, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 10-ноябрындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXIV чакырылышынын XII сессиясында кабыл алынган №24-12/5 "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин Жоболорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы №57 "Калк отурукташкан пункттарда жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүүнү жана инвестициялык-курулуш ниеттерди ишке ашыруу боюнча" Жобонун 1 пунктунун, 1 подпункту: жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия жөнүндө Жобо жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия жөнүндөгү жаңы Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
3. Жогоруда аталган комиссиянын персоналдык курамы, өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (№2 тиркеме).
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметов жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |