Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 27-10/1
2016-2020-жылдарга карата "Каракол шаарынын мэринин 80 кадамы" өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын 20-сентябрындагы кир. №-01-7/496, 2016-2020-жылдарга карата "Каракол шаарынын мэринин 80 кадамы" өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын кеңейтилген отурумунун корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2020-жылдарга карата "Каракол шаарынын мэринин 80 кадамы" өнүгүү программасы, кошумчалар, өзгөртүүлөр менен эске алынсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, кезектеги сессиянын кароосуна, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, Каракол шаарынын 2016-2020 жж. "Каракол шаарынын мэринин 80 кадамы" өнүгүү программасын камтыган, программасын иштеп чыгып, киргизсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов
|