Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 30 сентябры №27-10/2
№11 мектеп-гимназиясына электроэнергияга төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэринин у.м.а. А.К.Джумабекованын, 2016-жылдын 28-июлундагы кир.№-01-7/396, №11 мектеп-гимназиясынын директору Г.К.Сөйкөеванын 2016-жылдын 6-сентябрындагы кир.№01-7/469 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), №11 мектеп-гимназиясына электроэнергияга төлөө үчүн, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын таап, бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, мектептердин бала-бакчалардын жетекчилерине, мындай абал дагы кайталанса, чыгымдар жетекчилердин эсептеринен жүргүзүлөрүн эскертсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |