Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 30 сентябры №27-10/4
№2 мектеп-гимназиясынын №2 корпусунун электр менен камсыз кылуусун калыбына келтирүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№2 мектеп-гимназиясынын директору Л.А.Сакееванын, 2016-жылдын 29-августундагы кир.№-01-7/457 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), №2 мектеп-гимназиясынын №2 корпусун электр менен камсыз кылуусун калыбына келтирүү үчүн, 114 020 (жүз он төрт миң жыйырма) сом өлчөмүндөгү акча каражатын таап, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |