Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 27-10/5
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы №26-33/7
"Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Э.Джантаевдин кайрылуусу жөнүндөгү" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын 28-июлундагы кир.№01-7/405 жана "Каракол энерджи" ЖЧКнин директору А.Усупбаевдин, 2016-жылдын 27-июлундагы чыг.№16, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы №26-33/7 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 13-майындагы №26-33/7 токтомунун I-пунктуна, "аянты 1,55га" деген сөздөн кийин, "Каракол" мамлекеттик табигый паркынын жеринде, Рыбзаводдун түштүк тарабында жайгашкан жер тилкесин, өзгөчө кайтаруудагы табигый территориялардын категориясынан, суу фондунун жерлеринин категориясына, №1 тиркемедеги координаттору менен" деген толуктоо киргизилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |