Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 30 сентябры №27-10/6
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2013-жылдын 9-апрелиндеги №26-10/5 "Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын 4-аймактык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2016-жылдын 12-августундагы кир.№01-7/435 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2013-жылдын 9-апрелиндеги №26-10/6 "Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын 4-аймактык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү" токтому, баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын 4-аймактык башкармалыгы жоюлгандыгына байланыштуу, жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси тийиштүү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |