Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 09 ноябры № 31/1
Көк-Жаңгак шаары Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, 2016-жылдын 9 айда шаардын бюджетинин аткарылышы жонундо маалымат жана пландан сырткары жыйналган каражатты бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016-жылы кабыл алынган токтомдор боюнча жана 2016-жылдын 9 айда шаардын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана 08.11.2016ж. № 171-0 сандуу мериянын кайрылуу каты менен таанышып чыгып жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылыш) кезектеги ХХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жангак шаардык кеңештин кабыл алынган токтомдордун өз убагында аткарылбаганы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын беренерилерине ылайык шаардык мэрияда каралып жыйынтыгы шаардык кеңешке тапшырылсын.
2. Көк-Жангак шаарынын тогуз айда шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча мэр Ж.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.
3. 08.11.2016ж.№171-0 сандуу катта көрсөтүлгөн тиркемеге ылайык 2016жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган акча каражаттар бекитилсин жана шаардык кеңештин «Бюджет,финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияда жана Көк-Жаңгак шаардык каржы бөлүмүндо каралып такталсын.
4. Аткаруу жана пайдалануу жагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык шаардын мери Ж.Юсуповко жана каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Караевке милде теңдирилсин.
5. Пландан сырткары жыйналган 284,7(эки жүз сексен төрт миң) сом акча каражаты бекитилсин. 08.11.2016ж №171-0 сандуу катта көрсөтүлгөн мекемелерге жергиликтүү бюджет тең пландан сырткары жыйналган каражат бекитилсин.
1. Көк-Жангак шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына -электро энергиясына болгон карызы 18342 миң сом болгонуна байланыштуу жана ноябрь,декабрь айларын кошуп -22,0миң сом: -сапар чыгымына -15,0 миң сом
2. Көк-жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө:
№3 орто мектебине -2 электро счетчик алмаштырууга бирөөсү кұйұп кеткенине байланыштуу 5,0 миң сом, 5штук огнетушитель 8,0миң сом:
№2орто мектебине –электро тең 6 штук жана 6 автоматтарды алмаштыруу 22,8 миң сом:
№2 бала бакча -6 пакетник,4 тең -10,0 миң сом
№7 бала бакча -7тең 10,5миң сомго:
№3 бала бакча - электро двигатель 3,0,огнетушитель 4 штук 3,8 миң сом:баары - 15,0:
№4 бала бакча - ашканага буу тартуучу эмерекке 7,0: -таштанды таштоочу жайга 5,0: Баары 12,0 миң сом №4 бала бакчага –насос 13,0миң сом -ашканага буу тартуучу эмерекке 3,0миң сом
3. «Колмо» участкасындагы алышты курууга 35,0 миң сом:
4. Көк-Жаңгак шаардык маданият сарайына кире беришиндеги тепкичтерин оңдоого 50,0 миң сом:
5. шааардык муниципалдык менчик департаментине – эмгек акы статьясына 42,0 миң сом. Баардыгы болуп :263,1(эки жүз алтымыш уч миң жуз) сом 4,Ушул токтомдун көзөмолдоо жагы Кок-жангак шаардык кенештин «Бюджет финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З. Арзыкулова) жана «Мыйзамдуулук,укук коргоо,этика жана мамлекеттик кызмат,арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга(Г.Садыкова) милдет теңдирилсин
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов
|