Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 жылдын 28 декабры №23/1
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде 1-4-класстын окуучуларына ыссык тамактын берилиш абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде 1-4-класстын окучуларына ыссык тамактын берилиши боюнча Ленин айылдык Кеңешинин депутаттары З.Сарыбаев, М.Асанова жана М.Курманбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде 1-4-класстын окучуларына ысык тамактын берилиши боюнча Ленин айылдык Кеңешинин депутаттары З.Сарыбаев, М.Асанова жана М.Курманбаевдин текшерүү боюнча жыйынтыктары эске алынсын.
2. Тамак берүүдө санитардык эрежелердин сакталышын жана берилүүчү тамактын сапатына такай көзөмөл жүргүзүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин
3. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу бөлүнгөн лимиттен ашырбоо жагы мектеп директорлоруна жана мектептердеги таза суу маселелерине көзөмөл жүргүзүп, көмөк көрсөтүү Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Жоробеков |