Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 жылдын 28 декабры №23/2
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы вет. сервистердин жана жайыт комитетинин төрагасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы вет. сервистердин жана жайыт комитетинин төрагасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча Ленин айылдык Кеңешинин депутаттары А.Нурматов, А.Апсатаров ,Орозали уулу Таалайбектин жана Д.Бекжановдун билдирүүсүн угуп жана талкулап Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы вет. сервистин башчыларынын , айыл өкмөтүнүн вет.адиси А.Капаровдун 2015-жылы жеке менчик малдарды даарылоодогу жүргүзгөн иштери эске алынсын жана мындан ары элге кызмат көрсөтүү иштерин жакшыртуу ,малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу чаралары күчөтүлсүн.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Б.Айдаралиевдин 2015-жылы жүргүзгөн иштери эске алынсын жана жайыттарды туура пайдалануу боюнча чаралары көрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жоробеков |