Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 жылдын 28 декабры №23/5
Ленин айыл өкмөтүнүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2015-жылдын 28-декабрындагы билдирүүсү 1(бир) баш уйду сатуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын билдирүүсүн угуп жана талкулап Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасындагы 1(бир) баш уйду сатууга уруксат берилсин жана төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн .
1. Ж.Аденов -Ленин айылдык Кеңешинин депутаты.
2. А.Апсатаров -Ленин айылдык Кеңешинин депутаты.
3. Т.Жусуева -Б.Арзиева балдар бакчасынын директору.
4. У.Турдубекова- балдар бакчасынын профсоюз уюмунун төрайымы
5. А.Матеипов -Согонду айылынын айыл башчысы
2. Тиешелүү бухгалтериялык документерин айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшыруу жагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуевага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.
Төрага | А.Жоробеков |