Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 14 ноябры № 21/2
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылгабекитилгенбюджетинин 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн финансы–экономикалык бөлүмүнүн башчысы А Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүүгү 2016-жылдын тогуз ай ичинде 6 977 897 сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (тиркеме тиркелет ).
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына( төрагасыТ.Намашамов ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |