Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 30 сентябры №27-10/9
Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдеги мектебинин 2016-жылдын 9 айынын отчету жөнүндө
Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдеги мектебинин директору К.Б.Шазыдаевдин, 2016-жылдын 13-сентябрындагы кир.№-01-7/478, мектептин 2016-жылдын 9 айында жасаган иши жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын жана экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын кеңейтилген отурумунун корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдеги мектебинин 2016-жылдын 9 айында жасаган иши, канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.О.Сабатаров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |