Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 29 июлу №27
Ак-Таш кени тууралуу Айдаралиев айыл аймагынын жалпы элдик жыйыны жөнүндө
1. Ак-таш кени жөнүндө Айдаралиев айыл аймагынын 14-апрелдеги № 6 жана 24-апрелдеги № 9 жалпы элдик жыйындын протоколдору менен кабыл алынган токтомдорун колдоого алып жана КР нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “ жөнүндө мыйзамынын 3,4,27-беренелерине ылайык жана КР нын “Жер казынасынын” 7-беренесиндеги мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык Ак-Таш кенин чечүү үчүн мамлекеттик органдарынан суралсын.
2. Ак-Таш кени тууралуу Айдаралиев айыл аймагынын жалпы элдик жыйыны жөнүндө протоколдун жана элдин үнүн мамлекеттик органдарга жеткизүү үчүн төмөндөгү Айдаралиев айылдык Кеңешинин депутаттарынын ичинен атайын комиссия түзүлсүн.
1. Жанбеков.С.
2. Курманбаев.А.
3. Батырбеков.А.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Айдаров.Ч.А. |