Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры № 31-6
Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 мыйзамынын 3-пунктунун негизинде Ат-Башы айылынын административдик аймагында КР Салык Кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин: айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, 1,2,3,4 пайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2. Ат-Башы айылындагы жайгашкан базарлардын жер салыгын эсептөөдө К3 -зоналдык коэфициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Ат-Башы мал базары – 1,2;
- Ун-жем базары – 1,2;
- Н. Мамажанов – 1,2.
- Аурдин базары –1,0;
- А.Үсөнов базары – 0,5;
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Токтом 2017-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |