Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры №27-10/11
"Көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасы үнөмдөгөн акча каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2016-жылдын 20-сентябрындагы кир.№-01-7/492, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын кеңейтилген отурумунун корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасына, жарыктандырууга бөлүнүп берилген акча каражаттан үнөмдөлгөн 1 000 000 сомду, Тыныстанов атн.көчөнүн аллеясына, №11 мектеп-гимназиясынан тартып, ылдый карай, 9002м аянтка брусчатка төшөө жана көчөнү абаттоо үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Р.Хурова), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|
|