Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры №27-10/13
Каракол шаарынын №4, №9, №11, №12 бала-бакчаларына акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.С.Апышеванын, 2016-жылдын 22-сентябрындагы, кир.№-01-7/505 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын кеңейтилген отурумунун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын X сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), төмөндө көрсөтүлгөн бала-бакчаларга, акча каражаттарын таап, бөлүп берсин:
- №4 бала-бакчага, 102 000 (жүз эки миң) сом өлчөмүндө, кампанын курулушун бүтүрүү үчүн;
- №9 бала-бакчага 68000 (алтымыш сегиз миң) сом өлчөмүндө, 80 матрац сатып алуу үчүн;
- №11 бала-бакчага 129 741 (жүз жыйырма тогуз миң жети жүз кырк бир) сом өлчөмүндө кошумча уктоочу жай куруу үчүн, долбоорлук сметалык документацияны жасатуу үчүн;
- №12 бала-бакчага 64164 (алтымыш төрт миң жүз алтымыш төрт) сом өлчөмүндө, канализацияны куруу үчүн.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |