Редакцияот 24.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи чакырылыш) ХХVIII сессиясы

 

2016-жылдын 24-майы № 28/ 5

Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы «Кызыл-Булак-Ак суу» балдар бакчасын ачуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы «Кызыл-Булак-Ак суу» жамааттык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.

2. Жамааттык балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү Б.Салиевага тапшырылсын.

3. Кетүүчү чыгымдарды аныктап ата-энелер менен биргеликте мыйзам чегинде максаттуу иштетүү жагы «Кызыл-Булак-Ак суу» балдар бакчасынын жетекчиси Б.Салиевага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Айтмат уулу