Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 28/ 9
Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Көтөрмө айыл аймагында мамлекеттик тилди гана билген адамдардын жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеёешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,райондук басма сөзгө жарыялансын жана Кыргыз Рсепубликасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Токторовго тапшырылсын.
Төрага | А.Айтмат уулу |