Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 28/ 10
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Бул токтом массалык -маалымат каражаттарына белгиленген тартипте жарыялансын .
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиции башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Токторовго жүктөлсүн.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |