Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 06-январы 24/1
Көтөрмө айыл өкмөтүнө келип түшкөн жергиликтүү жарандардынарыз даттанууларын кароодо Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 4-майындагы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби Жөнүндөгү» №67 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасынын аткаруу органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жашыртуу» жөнүндөгү №71 жарлыгынын негизинде арыз, даттануулардын аткарылышы аткаруучулук тартип жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнө келип түшкөн жергиликтүү жарандардын арыз даттанууларын кароодо Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 4-майындагы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү» №67 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасынын аткаруу органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнун абалын жашыртуу» жөнүндөгү №71 жарлыгынын негизинде арыз, даттануулардын аткарылышы аткаруучулук тартип жөнүндөгү жооптуу катчы З.Баатырованын маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Жарандардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын кароо жана аткаруучулук тартип канааттандырарлык деп табылсын.
3. Ар бир муниципалдык кызматкерге аткаруучулук тартипти күчөтүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы З.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага | А.Султанов |