Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 06-январы № 24/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жыл өлкөнүн экономикасын көтөрүү» жылы деп жарыяланган жарлыгынын негизинде түзүлгөн иш чаралардын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши томондогудой
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жыл өлкөнүн экономикасын көтөрүү» жылы деп жарыяланган жарлыгынын негизинде түзүлгөн иш чаралардын аткарылышы жөнүндө З.Баатырованын маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Иш-чаралардын негизинде 2016-жылга карата жумуштар улантылсын.
3. Ар бир айыл башчыга өз айылдары боюнча иш-чаранын негизинде иш аракеттерди күчөтүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы З.Баатыровага жүктөлсүн.
Төрага | А.Султанов |