Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги ХХIV сессиясынын (бешинчи чакырылыш)
2016-жылдын 06-январы № 24/3
Көтөрмө айыл өкмөтүндө салык төлөмдөрүнүн аткарылышы жана ижара акыларынын төлөнүшү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүндө салык төлөмдөрүнүн аткарылышы, ижара акыларынын төлөнүшү жөнүндөгү киреше бөлүмүнүн башчысы М.Султановдун маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Жылдын жыйынтыгы менен пландын толук аткарылышын көзөмөлдөө М.Султановго тапшырылсын.
3. Салыктын түрлөрү боюнча кийинки сессияга толук маалымат даярдап келүү жагы М.Султановго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |