Редакцияот 16.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык Кеңешинин кезектеги (бешинчи чакырылыш) ХХУ1 сессиясы

 

2016-жылдын 16-февралы №26/3

Айыл Өкмөтүндөгү салык төлөмдөрдүн базалык ставкасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктунун негизинде көтөрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көтөрмө айыл аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жер салыгынын базалык ставкасы Кызыл-Булак,Тамаша зоонасы боюнча КЗ-1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Айыл чарабасына жарактуу жер улуш салыктары 1 эсеге көтөрүлсүн.

3. Таштандыларды ташып чыгаруу салыгы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы киреше бөлүмүнүн башчысы М.Султановго жана финансы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Султанов