Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 5
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү»
№231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде Ак-Жар айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXIV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январынан тартып Ак-Жар айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киригизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо-жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
- 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы
2. Айыл чарба багытындагы жер салыгын эсептөө боюнча Кз- зоналдык коэффиценти 1,04 өлчөмүндө калтырылсын.
3. Калктуу конуштардын жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерден алынуучу салыктын өлчөмү КРнын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кз- зоналдык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жогорудагы бекитилген Кз- зоналдык 1,2 коэффиценти Ак-Жар айыл аймагындагы №69 май куйуучу ЖЧК «ГазпромнефтьАзия» ишканасына тиешелүү экендиги белгиленсин.
5. Салыктык эсептер КРнын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Аттокуровго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кабылов |