Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХIV кезектүү сессиясы
2016-жылдын 17-февралы №7
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХIV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасы бюджеттик комиссиянын суроолорунан жана макулдашууларынан кийин тиркемеге ылайык түзүлсүн.(Тиркеме 5 баракта)
2. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-2018-жылдарга карата болжолдуу белгиленген смета райондук финансы бөлүмү менен биргеликте макулдашылсын.
Төрага | А.Кабылов. |