Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры № 31-4
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы адис-юристи Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри бекитилсин. Тиркеме тиркелет (1 баракта)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүүн башкы адиси-юристи Н. Жунусовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтнүүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |