АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 22 сессиясы
2023-жылдын 30-августу № 1
А.Анаров айыл өкмөтүнүн Чарбак көчөсүндө жайгашкан №181 контурундагы аянты 1,72 га курулуштар ордун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштар жерлери» категориясына турак жай салуу үчүн которуу (трансформациялоого) жөнүндө
А.Анаров айыл өкмөтүнүн Чарбак көчөсүндө жайгашкан №181 контурундагы аянты 1,72 га курулуштар ордун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштар жерлери» категориясына турак жай салуу үчүн которуу (трансформациялоого) боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Алля Анаров айылдык кеңештин 7-чакырылышынын 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Анаров айыл өкмөтүнүн Чарбак көчөсүндө жайгашкан №181 контурундагы аянты 1,72 га курулуштар ордун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштар жерлери» категориясына турак жай салуу үчүн которуу (трансформациялоого) боюнча макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун» негизинде Араван райондук комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токтосуновго жүктөлсүн.
А.Анаровайылдык кенешинин төрагасы Б.Хамидов.