Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  

2023-жылдын 27-сентябры № 28-31/1

Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын чакыруу жѳнʏндѳ       

 Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2023-жылдын 29-августундагы, №215 «Элдик Курултайды чакыруу» жѳнʏндѳгʏ Жарлыгынын негизинде, Элдик Курултайды уюштуруунун жана ѳткѳрʏʏнʏн календарлык планына ылайык, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXI кезексиз сессиясы,

токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо ʏчʏн, Каракол шаары боюнча жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ чогулушу, 2023-жылдын 18-ноябрында, саат 10-00 го чакырылсын. Курултайды ѳткѳрʏʏ жайы катары, Ысык-Кѳл областтык К.Жантѳшев атындагы музыкалык драма театры белгиленсин.
  2. Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын уюштуруу жана ѳткѳрʏʏ боюнча жумушчу тобу, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын, бекитилген графикке ылайык ѳткѳрʏʏнʏ уюштурсун. (тиркеме №2)
  4. Каракол шаарынын мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, тургундарды ММКлар, расмий сайттар аркылуу, бекитилген графикке ылайык, ѳтѳ турган жыйындардын орду, датасы, убактысы боюнча маалымат беришсин.
  5. Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏ, Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча, жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын ѳткѳрʏʏдѳ коомдук тартипти камсыз кылсын.
  6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  7. Токтом ММКларда жарыялансын.
  8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын мэри Ч.А.Бапаевге жана Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасы Т.Ж.Акимкановго  жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Ж. Асирдинова

 

 

 

 

 

Каракол шаардык Кенешинин

XXVIII чакырылышынын XXXI кезексиз

сессиясынын, 2023-жылдын 27-сентябрындагы, №28-31/1 токтомуна

№1- тиркеме

 

Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарды ѳткѳрʏʏ боюнча жумушчу тобунун курамы

 

№

Аты-жѳнʏ

Кызмат орду

1

Акимканов Туратбек Жакшылыкович

Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасы

2

Асирдинова Толкун Жолдошевна

КШКнын тѳрагасынын биринчи орун басары

3

Тʏлѳжанов Жеңишбек Асанович

КШКнын тѳрагасынын орун басары

4

Абдыкеримова Уулча Сабыркуловна

Депутат

5

Исмаилов Кубанычбек Касымович

Депутат

6

Майрыков Эрмек Авенович

Жооптуу катчы

7

Сагымбаев Рыскул Джумакадырович

Мэриянын аппарат жетекчиси

8

Хурова Галия Ринатовна

Коомчулуктан

9

Турдукеев Замир  Турдукеевич

Каракол шаарынын  этникалык маселелери боюнча жооптуу катчысы 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                                               Э.А.Майрыков