Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 21-июну   №1                                              

                                                                                      

“Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун  2022-жылда  жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы.

“Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2022-жылда  жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу  комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т о к т о м  к ы л а т:

1“Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2022-жылда  жүргүзгөн иштери канааттандырарлык  деп табылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ноокат шаардык кенешинин  бюджет, экономика,  финансы,  соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар   боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага     

Б.  Мадмаров