НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 21-июну №2
“ Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Айткуловдун 2022-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Айткуловдун 2022-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Айткуловдун 2022-жылда жүргүзгөн иштери кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы социалдык обьектердин, көп кабаттуу үйлөрдүн, билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү, мэриянын имаратын жылуулук менен камсыздоо жагын уюштурууну Ноокат Жылуулук муниципиалдык ишканасына милдеттендирүү Ноокат шаарынын мэри Т.Ж.Тезекбаевке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Мадмаров |
|
|